ЖАЙЫНДА КАЗАКСТАНГА ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНАН СУУ АГЫЗЫЛГАНБЫ?

№992 10-16-декабрь, 2021-ж

Токтогул суу сактагычынан жайында Казакстанга кошумча суу агызылганын 7-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Кыргызстандын "Улуттук энергетикалык холдинги" билдирүү жасап, маалыматты тастыктады. Анда Казакстан менен товар алмашуу боюнча келишим бар экени айтылат. Кыргызстан суунун ордуна Казакстандан кышкысын электр энергиясын алганын билдирет мекеме. 9-декабрда Кыргызстандын Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу агызылбаганын, келишимге ылайык, электр энергиясы кайтарылып жатканын, ал электр энергиясын Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтери өндүрүп жатканын маалымдады. Казакстандан 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр жарыгын алуу, аны жай мезгилинде кайтаруу тууралуу келишим бар экени белгиленди.

– Кыргызстан 2021-жылдын июнь-август айларында Казакстанга 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын кайтарып берди,- дейт министрлик. Суунун ар бир метр кубу электр энергиясына айлантылып жатканы кошумчаланды. Парламент депутаттары ушул маселе боюнча министрлер кабинетинен так маалымат угууну талап кылышууда.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо