ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР АКБӨКӨН ТАШТАНБЕКОВ КАРМАЛДЫ

№992 10-16-декабрь, 2021-ж

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМК тарабынан кармалды. Маалыматка таянсак, ал улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмышка шектелүүдө.

– 2021-жылдын 6-декабрында БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту – улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Ошол эле күнү Акбөкөн Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады,- деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин интернет желесине Таштанбеков катышкан видео тасма тараган. УКМК аталган тасмада Таштанбековдун улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери бар деп, ага карата кылмыш ишин козгогон эле.

Акбөкөн Таштанбеков парламенттик шайлоодо Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер болгон.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо