СТУДЕНТТЕР ОКУУ АКЫСЫН 10 АЙГА БӨЛҮП ТӨЛӨСӨ БОЛОТ

№993 17-23-декабрь, 2021-ж

Жогорку окуу жайлардын студенттери эми окуу акысын 10 айга бөлүп төлөй алышат. Мындай жеңилдик 11-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта каралды.

Мурда ЖОЖдордо жана орто кесиптик окуу жайларда окуу акысын экиге бөлүп төлөөгө мүмкүн болчу. Мындан тышкары жакынкы 3 жылда Кыргыз жарандыгы бар студенттер үчүн окуу акысынын тарифи өзгөртүлбөйт. Учурда төлөнүп жаткан баадан ашык төлөөгө тыюу салынды. Ошондой эле ата-энеси жок балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга ЖОЖдордо гранттык орундардын 5 пайыз көрсөткүчүндө квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш экени белгиленет документте.

Жогорку окуу жайларда акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча Эсептөө палатасына жана Башкы прокуратурага тапшырмалар берилди. Бул органдар текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жыл сайын 1-апрелге чейин президенттик администрацияга маалымат берип турсун деген милдет жүктөлдү.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо