БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ БАКУГА БАРАТ...

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

  • Чүй-Кемин округу боюнча Медербек Саккараевди талапкер кылып каттоо чечимин БШК жокко чыгарды, аймакта кайра шайлоо өтүшү мүмкүн деп маалымдалды.
  • Бир аптага тазалоо иштери үчүн жабылган “Кара-Кече” көмүр кени 20-декабрдан тарта иштей баштады.
  • Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди отставкага кетирүү үчүн кол топтолуп жатат.
  • Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январь айында Индияга иш сапары менен барат.
  • 22-декабрга карата Кыргызстанда коронавирус илдети менен 649 адам ооруп жатканы, анын 165и оор абалда экени маалымдалды.
  • 21-декабрда Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Жогорку Кеңеш 22-декабрда депутат Бакыт Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берген жок.
  • Кышкы каникул: Окуучулар 31-декабрдан 2022-жылдын 12-январына чейин эс алышат.
  • Эл аралык түрк академиясы 2022-жылды Ишеналы Арабаев жылы деп жарыялоону сунуштады.
  • Сокулук районунда башка бирөөнүн жерин үчүнчү тарапка сатып жиберди деп шектелип
    2 аял кармалды.
  • “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” деп айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду.
  • Жогорку Соттун судьясы Дильфуза Боронбаева президент Садыр Жапаровдун сунуштамасынын негизинде кызматтан убактылуу четтетилди.
  • Жогорку Кеңеш 22-декабрда Салык кодексинин долбоорун 3 окууда кабыл алды.
  • Исламбек Мойдунов "Кыргыз патенттин" директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • ИИМдин Ички аскерлеринин командири Исламбек Кенжекулов коррупцияга шектелип кармалып, 11-январга чейин камакка алынды.
  • Коронавирустун Омикрон штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүндө катталды.
  • Жогорку Кеңеш 22-декабрда “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун
    3 окууда карап жактырды.
  • Акылбек Жапаров: "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө туруктуулукту орноткон парламент болду".

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо