Баткен: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНГА ОК АТЫЛДЫ

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

Баткенде Тажикстандын чек арачылары Кыргыз жаранына ок атты. Унаасын айдап бараткан жергиликтүү тургунду тажик аскерлери аткылап качып кеткени боюнча видео тасма 22-декабрда интернет желесине тараган. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, Камаздын маңдайкы айнегине бир нече жолу ок атылган, айдоочу айнек сыныктарынан улам жеңил жаракат алды. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөнүн президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, жолугушууда тараптарга окуянын хронологиясы жана анын орун алган жери көрсөтүлдү. Жыйынтыгында Тажик тараптын өкүлдөрү күнөөлөрүн моюнуна алышты жана мындан ары курал колдонуулар кайталанбашы керектиги айтылып, тажик тарап күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдиришти. "Кыргыз тараптан сунушталган биргелешип териштирүүдөн Тажик тарап баш тарткандыктан, эки тарап ар кимиси өз аймагында териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу бири-бирин маалымдоо макулдашылды",- деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, эки тараптан өздүк курам арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жана жакынкы кыска мөөнөттө чек ара заставалардын башчылары менен биргелешкен сабактарды уюштуруп өткөрүү макулдашылганы белгиленди.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо