ЭКС-ДЕПУТАТ БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВ КАМАККА АЛЫНДЫ

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык маанайдагы саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Маалыматка таянсак, экс-депутат “Манас” аэропортунан Сауд Арабияга кичи ажылык зыяратына учканы жаткан учурда токтотулган. УКМКнын маалыматына таянсак, экс-депутат "аймактар аралык кастыкты козутту" деп айыпталууда.
– Калмаматов тууралуу маалымат тастыкталды. Иш боюнча топтолгон далилдердин жана экспертиза жыйынтыгынын негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди,- деп билдирди мекеме. Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон. Быйыл 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Азаттык” партиясынан талапкер болуп жарышка түшкөн. Азыркы бийликке ачуу сындарды айтып жүргөн оппозициялык маанайдагы саясатчы катары таанымал. Тарапташтары Калмаматовдун кармалышын анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо