Мандат чуусу: СОТ ЖАНАР АКАЕВДИН ПАЙДАСЫНА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

Бишкектин административдик соту 21-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жанар Акаевдин мандатын башка талапкерге алып берүү боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Тагыраагы, мандат бөлүштүрүүдөгү квоталардын пайыздык көрсөткүчүн өзгөрткөн БШКнын токтом кабыл алышын мыйзамсыз деп тапты.

15-декабрда БШК тийиштүү токтомдун аял жана эркек талапкерлер ортосунда мандат бөлүштүрүүнү караган жобосун өзгөрткөн. Колдонуудагы эрежеге ылайык, 4-7 мандат алган партиялар 2 квотаны аял талапкерлерге берери жазылган. Жаңы эрежеде 7 мандат алган партиялар аял талапкерлерге 2 эмес, 3 квота берет деп жазылат. Ошентип, парламентте 7 мандат алары күтүлүп жаткан “Альянс” партиясы 3 аял талапкерге орун берүүгө тийиш. Шайлоодо 4977 добуш алып 7-катарда турган Жанар Акаев тизмеден чыгарылып, ордуна 1284 добуш алган Токтобүбү Оргалча аттуу талапкер киргизилген. БШКнын бул чечими коомчулукта нааразы пикирлерди жараткан эле.

БШК Бишкектин административдик сотунун жогорудагы чечими боюнча Жогорку Сотко кассациялык тартипте кайрыларын билдирди. Талаш маселеге Жогорку Соттун чечиминен кийин чекит коюлары күтүлүүдө.

23-декабрда жаңы шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаттарына мандат берилери, 7-чакырылыш ишин баштай турганы маалымдалган эле. 23-декабрда БШК мандат тапшыруу иши убактылуу токтотулганын жарыялап, муну "айрым талапкерлер боюнча соттук иштер жүрүп жатканы" менен түшүндүрдү. Ошентип. 6-чакырылыштын мөөнөтү жок дегенде дагы бир аптага узартылды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо