КЫРГЫЗ АВИАКОМПАНИЯЛАРЫ ЕВРОПАНЫН “КАРА ТИЗМЕСИНЕН” ЧЫГАБЫ?

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

Кыргызстандын авиакоманияларын Европанын “кара тизмесинен” чыгарууга аракет жасалууда. Бул тууралуу 21-декабрда Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Александр Настаев авиакомпаниялардын башчылары менен жолугушууда билдирди.

Өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча жаңы концепция даярдалганын айтат Настаев. Документ тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштайт. Мисалы, “кара тизмеден” чыгуу, өлкөнүн бардык аймактарын аба каттамдары менен камсыздоо, кичи авиацияны өнүктүрүү өңдүү маселелерди карайт. Маалыматка таянсак, жолугушууда авиация тармагында кызматкерлерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатындагы көйгөйлөр, жарандык авиацияны башкаруу органдарын реформалоо боюнча пландар дагы айтылды.

Кыргыз авиакомпанияларынын учактары 2006-жылдан бери Европа мамлекеттерине уча албайт. Кыргыз тарап буга чейин “кара тизмеден” чыгууга аракет кылган. 2018-жылы өлкөгө Эл аралык жарандык авиация уюмунун адистери келип, текшерүү жүргүзүшкөн. 2019-жылы “кара тизмеден” чыгуу пландалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Коңшу Казакстан да аталган “кара тизмеге” илинип калып, ири суммада акча төлөп чыкканы айтылган эле.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо