НЕРВИ ЧЫДАБАГАНДАР СОТТОН КАЧЫШТЫ

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Аптанын жаңылыгы

Бул аптанын “качкын” деген наамын апрель окуясы боюнча соттолуп жаткандар: мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик катчылыктын мурунку башчысы Оксана Малеваная жана президенттик администрациянын экс-жетекчиси Каныбек Жороевге берсек болчудай. Анткени алар үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетишкен. Муну уккан Аскердик сот аларды камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дечү беле? Айтор, жоопкерлерди качырып жиберишти.
Соттун биринчи жыйынына чейин үй камакта чыдап отурган бул үчөө эмне үчүн эми качып кетишкени түшүнүксүз. Же чындап эле Спорт Ордосундагы жабыркаган тараптын коркутуп-үркүтүүсүнө туруштук бере албай калыштыбы? Кантсе да муну каратып туруп качырып жиберген укук коргоо органдарынын шалаакылыгы деп түшүнсө болот.
Андан тышкары бул аптада мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга коюлган айыптарын угузуп бүтүштү. Бирок соттолуучулардын бири дагы күнөөнү моюнуна алган жок. Бул учурда залда отурган жабыркоочулар тараптан “анда бизге ким ок атты?” деген кыйкырыктар чыгып жатты.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, мамлекеттик айыптоочу Жаныш Бакиевдин рация аркылуу митингчилерге ок атууну буюргандыгын, ал эми операцияны Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов жетектегенин билдирди. Ошондой эле экс-президенттин уулу Марат Бакиевдин “Бакай” банкындагы эсебинен 2 миллионго чукул доллар табылган. Анын айлык акысы бул каражатка жетпегендиктен, мынча акча кайдан чогулганы суроо туудурат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо