-

2021-жылы ИИМдин 34 кызматкери пара алуу фактысына шектелип кармалганы айтылды.
-
Алтынбек Жумаев президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
-
Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
-
Жаңы жыл майрамына карата Кыргыз-Кытай чек арасы 1-3-январь күндөрү жабык болот, автоунаада жүк өткөрүү убактылуу токтотулат.
-
Элди коронавируска каршы эмдөө ишин начар жүргүзүп жатат деп Бишкектин Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды.
-
27-декабрда Сокулуктун Романовка айылында милиция кызматкери бычакталып жаракат алды.
-
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарынан парламент депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
-
Адахан Мадумаров Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасын бузууга каршы экенин айтып чыкты.
-
Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министри кызматынан кетти.
-
УКМК: “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын башкармалык жетекчиси кылмышка шектелип кармалды.
-
Кара-Кече кенинде көмүр казуу иши тазалоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 10-январына чейин токтотулду.
-
Президент Садыр Жапаров Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү жөнүндө жарлык чыгарды.
-
Өлкөдө 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза тапканы маалымдалды.
-
Сокулук районунда тоноочулукка шектелип 2 жаран кармалды.
-
Өлкөдө 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн тамчылатып сугарууга керектүү жабдууларды чыгаруучу завод куруларын Айыл чарба министрлиги билдирди.
-
29-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 219 миллион метр куб суу бар.
-
2022-жылдын 1-3-январь күндөрү Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи жабык болору кабарланды.
-
Каракол шаарында балдарды зомбулуктан коргоого арналган форум өттү.