САЛЫК КОДЕКСИНИН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ ТАЛАШ ЖАРАТУУДА

№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.

2022-жылдын 1-январында күчүнө кирчү Салык кодексинин жаңы редакциясы талаш жаратууда. 27-декабрда Бишкекте президенттик администрациянын алдына ишкерлер митингге чыгып, жаңы эрежелерге, анын ичинде кассалык-көзөмөл машиналарын колдонууга өтүүгө каршы экендиктерин билдиришти.

– Кодекс чийки, бул ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып, баалардын кымбатташына алып келет. Кодекс артка кайтарылып, кайра иштелип чыгышы керек,- дешти нааразылар. Чогулгандарга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жолугуп, талаптарын укту. Чогулгандар Министрлер кабинетине 2 күндүк мөөнөт берип, тарап кетишти. Салык кодексинин жаңы редакциясын артка кайтаруу талабы менен Талас шаарында да соодагерлер митингге чыгышып, нааразычылык билдиришти. Министрлер кабинети "кассалык-көзөмөлдөөчү машиналарды ишке киргизүү көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат, бюджетке түшчү төлөмдөр өсөт" деп жатат. Жаңы эрежелер ишкерлерди кыйнабайт деген пикирде.

Жаңы кодекске ылайык, салыктын 2 режими киргизилип жатат. Биринчиси – жеңилдетилген режим, экинчиси – жалпы режим. Чакан бизнес (жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин), орто бизнес (жылдык кирешеси 8 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин) жана ири бизнес (30 миллион сомдон жогору) деген нормалар иштеп баштайт. Чакан жана орто бизнес ээлери киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан жана жеткирүүдөгү кошумча нарк салыгынан бошотулат. Анын ордуна 3 пайыздан 6 пайызга чейин бирдиктүү салык төлөп калышат. Ал эми ири бизнес ээлери жалпы режим менен иштешет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо