"ЫСЫК-КӨЛ" МЕЙМАНКАНАСЫ СҮРДҮРҮЛҮП ЖАТАТ

№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.

Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасын бузуу иштери жүрүп жатат. Президенттин Иш башкармалыгы муну имараттын авариялык абалга келип калгандыгы менен түшүндүрдү.

– “Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак. Каражатты натыйжалуу пайдалануу, борбор шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана унаа жолдорундагы кыймылды жеңилдетүү максатында “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды,- деп билдиришти мекемеден.

Айрым маалыматтарда “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна президенттик администрация үчүн жаңы имарат курулат деп айтылууда.

“Ысык-Көл” мейманканасы 1984-жылы курулуп, 2007-жылга чейин иштеген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо