БИР БҮРКҮМ. ЖООКЕР ОКТОН КАЗА ТАПТЫ...

№997 14-20-январь, 2022-ж.

  • Бишкекте 11-январда 39 жаштагы жаран лифтке кыпчылып калып каза тапты.
  • Кыргызстанда суу каналдарын 8-мартка чейин тазалап бүтүү тапшырмасы берилди.
  • Депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыгарылды.
  • 2022-жылы Бишкекке 15 мектеп куруу пландалып жатканы айтылды.
  • 1-10-январь аралыгында Бишкекте мас абалында унаа айдап жүргөн 60 айдоочу кармалды деп кабарланды.
  • Баткенде аскер кызматкери кокустуктан улам шеригин автомат менен атып алып,
    ал каза тапты.
  • Кыргыз мигранттары эми айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринен алмаштырып алышса болот.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Венгриянын окуу жайларында окууга билдирмелерди кабыл алуу 14-январда аяктайт.
  • Саясатчы Равшан Жээнбековдон коронавирус илдети аныкталганы айтылды.
  • Кыргызстанда 1 жылдын ичинде Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 23,6 сомго же 64,5 пайызга кымбаттаган.
  • Акылбек Жапаров Казакстандын жаңы шайланган премьер-министрин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
  • 2022-жылы Кыргызстанда 150 миллиард сомдой салык жыйноо пландалууда.
  • Үй-бүлөдөгү каржылык кыйынчылыктардын айынан өлкөдө учурда 201 бала мектепке барбайт.
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Талас облусуна барды.
  • Ысык-Көл облусунда мал кайтарып жүргөн жергиликтүү тургунду Казак чек арачылары кармап кеткени кабарланды.
  • Ибрагим Жунусовдун Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси катары миссиясы аяктады.
  • 13-январга карата Кыргызстанда 2,2 миллион жаран коронавируска каршы эмдөө алганы айтылды.
  • Чүй облусунда уурулукка шектелип 2 аял кармалды.
  • Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Дордой" соода комплексинин ишкерлери менен жолугушту.
  • Лейлекте 5 килограмм баңгизат катып жүргөн жергиликтүү тургун колго түшкөнү маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо