КЫМБАТ ЖАНА АРЗАН КОСМЕТИКАНЫН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ?

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Ден соолук жана сулуулук

“Эки аптада бырыштарды жазуучу крем”, “дарылык косметика, дээрлик табигый жана аллергияга каршы”, “теринин терең катмарына чейин сиңүүчү нанобөлүкчөлөр”... Мына ушундай азгырмалуу косметикалык жарнактар учурда элдин башын тумандатып жаткан кези. Булардын кайсынысы чын да, кайсынысы калп? Бул жаатында атайын адистер жооп беришет.

1-ЖОМОК.
ЖАШАРТУУЧУ КАРАЖАТ ТЕРИНИН ТЕРЕҢ КАТМАРЫНА ТААСИР ЭТЕТ.
Чындыгы. Тери – бизди уулардан куткарган (уулар тер менен да бөлүнүп чыгат), курчаган чөйрөнүн зыяндуу таасиринен сактаган уникалдуу орган. Андыктан эч бир крем теринин терең катмарына өтө албайт. Эгер косметиканын курамындагы заттар теринин сырткы катмарынан (эпидермистен) ички катмарга өтө турган болсо, анда биз жашай алмак эмеспиз. Анткени канга кремдеги химиялык заттардын баары: жасалма май, иштелип чыккан нефти продуктылары, колдогу микробдор өтүп кетмек.

2-ЖОМОК.
КРЕМ ТЕРИНИН КАРТАЮУСУНУН АЛДЫН АЛАТ.
Чындыгы. Теринин дээрлик 90 пайызы суудан турат. Жаш өткөн сайын теридеги нымдуулук азая берет. Картайганда суунун өлчөмү 40 пайызга чейин кыскарат. Ошондуктан тери шалбырап, бырыш басат. Косметикалык каражаттар, болгону, сырткы келбетти күтүүгө (чөйрөнүн жаман таасиринен сактап) гана жардам берет. Ал эми картаюу процессин токтото албайт.

3-ЖОМОК.
ЖАШАРТУУЧУ КРЕМДЕР.
Чындыгы. Жашартуучу кремдердин курамына көбүнчө альбумин кошулат. Мындай кремди колдонгондон соң беттин териси жакшы көрүнүп калат. Эмне үчүн? Анткени кремди шыбанганда андагы альбумин теринин бетинде жука плёнканы пайда кылат да, бырыш билине бербейт.
Кээде бир кремди сатып алып колдонгондо, чынында, бет теринин жакшыра түшкөнү байкалат. Бул беттин териси керектүү нымды алган соң жакшы көрүнүп калды дегендик. Демек, кремдер жашартуучу касиетке ээ эмес. Кийин “теримди жашартам” деп кымбат кремдерди алгандын ордуна, жаш кезде бырыш түшүүнүн алдын алуу керек. Ал үчүн терини дамамат азыктандырып жана нымдандырып туруу кажет.
Кээ бирлер кремдерде “курамындагы деңиз балырлары жана кара икра бырыштарды азайтат” деп жазылган. Чындыгында, аталгандар бетти жакшы нымдандырат, бирок бырыштарды азайта албайт.
Дагы бир кремдерде “курамындагы С витамини териде коллагенди иштеп чыгарып, бырыштарды жазат” деп көрсөтүлөт. Аныгында коллаген иштелип чыгуусу үчүн аны крем түрүндө эмес, витамин түрүндө кабыл алуу керек.
Анын үстүнө С витамини көпчү­лүк учурларда териге сиңбейт. Мын­дай көрүнүш башка витаминдерге да таандык.

4-ЖОМОК.
КОСМЕТИКА ДЭЭРЛИК ТАБИГЫЙ ЖАНА ДАРЫЛЫК КАСИЕТКЕ ЭЭ.
Чындыгы. Накта табигый косметика жок. Ар бир каражатка химиялык кошулмалар кошулат. Табигый кремди жасоого мүмкүн болгону менен, аны муздаткычка бир нече сутка гана сактоого мүмкүн. Косметикалык каражатта канча түр табигый зат бар экенин анын курамын окуп эле билүүгө болот. Курамы канчалык көп болсо, демек, табигый заттар аз.
Дарылык касиетине келсек, косметика эмес, дары-дармектер гана айыктырууга жөндөмдүү. Дарыканаларда косметиканы саттыруу бул – чет элдик фирмалардын ойлоп табуусу жана маркетингдик ыкмасы.

5-ЖОМОК.
КЫМБАТ КОСМЕТИКАЛАР ЭҢ ТААСИРДҮҮ
КОШУЛМАЛАРДЫ КАМТЫЙТ.
Чындыгы. Эгер 3-4 миң сомдук кремдин курамын окуп көрсөк (алар көбүнчө эң майда жана латынча жазылат), ал дээрлик 100 сомдук кремдин курамы менен дал келет. Кремдин негизи бул – май жана суу. Кымбат кремдин баасынын үчтөн бирин кооз кутусу түзөт. Демек, акчаңыздын бир бөлүгүн кооз кутуга гана төлөйсүз. Чындыгында, жаштыкты кремдин арты менен кайтарып алууга болбойт. Ошон үчүн бетке массаж жасоо кызматы менен пластикалык операция өнүгүп жатат.
Курамында витамин, гормон жана коллаген бар кремдер териге өзгөчө таасир берип жатканы боюнча да далилдөөлөр жок. Ошондой эле курамында норканын кымбат майы же таш баканын майы кошулган кремдин пайдасынын бар экендиги илимий жактан тастыкталбаган. Медицина табигый кошулмалуу кремдер синтетикалык кошулмалардан турган кремдерден мыкты экендигине да аныктама бере албайт.

ЖАШТЫКТЫ САКТООНУН ЖӨНӨКӨЙ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Тери – биздин ден соолугубуздун, организмдин ички абалынын күзгүсү. Жаш кезде сырткы чөйрөнүн таасирине каршылык бере алат. Ал эми жаш өткөн сайын тери биздин жалпы абалыбызга сезимтал келет. Мисалы, аз уктоо, стресстер, чарчоо, туура эмес тамактануу, зыяндуу адаттар теринин эрте картаюусуна жол ачат. Андыктан жаштыкты сактайм десеңиз, төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

  • Теринин жакшы нымдалышын дамамат көзөмөлдөңүз.
  • Бет шалбырап кетпеси үчүн массаж жасап туруңуз. Массаж кан айланууну жакшыртып, бырыштардын алдын алат.
  • Тамеки тартпаңыз, ичкиликти ичпей койгон оң, же болбосо өтө азайтуу керек.
  • Жакшы уктаганга аракет жасоо керек. Болбосо уйкунун дамамат канбай жүрүшү теринин картаюусуна шарт түзөт.
  • Сууну көбүрөөк ичиңиз.
  • Кантты, ак нанды, майлуу жана туздуу, куурулган тамактарды аз колдонуңуз.
  • Жашылча-жемишти көбүрөөк жеңиз.
  • Таза абада көбүрөөк болуп, дене көнүгүүлөрүн жасаңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
03.12.2010. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oho abdan sonun eken. Men da kymbat jana arzan kosmetikalardyn aiyrmasyn bilbei,emnelerden turganyn okui berchimin, birok chyndygynda sostavdary birdei ele sezilchi.
Choon rahmat
04.12.2010. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат сиздерге аябай пайдалуу кенештерди бересиздер ишиниздерге ийгилик
04.12.2010. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Infodogu en paidaluu bolum jana makala.
Kanymjan Usupbekova,dagy yshyl siaktyy temalardy kutobuz!!!
05.12.2010. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a baldardyn bet mayin, kremin koldonso taasir berebi? oshol honundo da jazsanar jakshy bolmok
06.12.2010. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechkisin jataardin aldinda kandai kam korushubuz kerek???????????????????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо