БИР БҮРКҮМ. ДАРЫ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ...

№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.

  • Өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, дарыканадан дары талап кылган жаран кармалды.
  • Кайра парламенттик шайлоого Бишкектин 2 районунан 26-январга карата 18 талапкер катталды.
  • Кыргызстан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салды.
  • Экс-премьер Улукбек Марипов Кыргыздын Сауд Арабиясындагы элчиси болуп дайындалды.
  • Башкы прокуратура: Ош облустук куурчак театры бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз иштеткени аныкталды.
  • Апасынын көз жумганына байланыштуу Майрам Акаева 25-январда Кыргызстанга келди.
  • УКМК: Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билим тууралуу диплому текшериле баштады.
  • Эркин Тавашаров “Электр станциялары” ишканасынын директору болуп дайындалды.
  • Өлкөдө 2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлгөнү маалымдалды.
  • Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова парламент депутаты болуп бекитилди.
  • Кыргызстанда 2021-жылы 2 жарым миңдей бала ар кандай себептерден улам мектепке барган эмес.
  • 27-январга карата Кыргызстанда коронавирус менен 7545 адам ооруп жатканы, анын 494ү оор абалда экени айтылды.
  • Парламент депутаты Марлен Маматалиев педофилдерди 25 жылга эркинен ажыратууну демилгеледи, учурда бул мөөнөт 15 жыл.
  • Кара-Балта шаардык кеңеши 2022-жылга Кара-Балта шаарынын бюджетин 238 миллион 775 миң 700 сом суммасында бекитти.
  • Бишкектеги Маммология борбору жоюлду.
  • Парламенттеги аял депутаттарга кызматтык автоунаа берүү керектигин айрым кесиптештери сунуштап чыгышты.
  • Президент Садыр Жапаров "Индия-Борбордук Азия" саммитине катышты.
  • 11-апрелде Кыргызстан боюнча балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо ачыларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
  • Ош шаарында алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы маалымдалды.
  • Чүйдүн Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо