Энергетика: 3 ӨЛКӨ БИР УБАКТА ЖАРЫКСЫЗ КАЛЫП, КЫРГЫЗДЫ “ДАТКА-КЕМИН” ЛИНИЯСЫ САКТАДЫ

№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.

25-январда адаттан тыш окуя катталды – бүт Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар шаарлары бир убакытта электр энергиясыз калды. Кыштын күнү эл бир нече саат жарыксыз жана жылуулуксуз отурду. Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен энергетика министри маалымат берип, 3 өлкөдө светтин өчүшүнө Кыргызстан-Казакстан-Өзбекстанды бириктирип турган энергетикалык шакекчедеги авария себеп болгонун билдирди. Министр авария Кыргызстанда эмес, коңшуларда болгонун айтып, бирок кайсы жерде экенин ачыктаган жок. Түзүлгөн жагдайды эл аралык комиссия иликтеп чыгып, анан кеңири маалымат берилерин айтты министр.

– Мындай кырдаал Борбордук Азиядагы, Кыргызстандын тарыхындагы энергетика системинде биринчи жолу болду. Абалды “Датка-Кемин” электр чубалгысы же өзүбүздүн энергетикалык шакекче аркылуу жөнгө салабыз,- деди Бекмурзаев. 25-январь күнү кечке жуук республика боюнча электр жарыгын, жылуулук берүү калыбына келтирилди деп маалымдалды.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы, “Датка” жана “Кемин” көмөкчордондору 2011-2015-жылдары 389 миллион долларга курулган. Бул акчаны Кыргыз өкмөтү Кытайдын “Экспорттук-импорттук банкынан” карызга алган. Өлкөнүн мурунку бийлиги бул линиянын курулушу Кыргыздын энергетикалык коопсуздугун камсыздап, ошондой эле өлкөнү ири чыгымдан куткарды деп айтып келген. Мисалы, 2015-жылга чейин Кыргыз өлкөсү Токтогул ГЭСи өндүргөн электр энергиясын өлкөнүн түндүк бөлүгүнө транзит аркылуу өткөрүп бергени үчүн Казакстан менен Өзбекстанга жыл сайын 8-10 миллион доллар төлөп келген деген расмий маалымат айтылган. Ага таянсак, 2015-жылдан бери бул акча төлөнбөйт. Ал эми министр Бекмурзаевдин “кырдаалды “Датка-Кемин” линиясы аркылуу жөнгө салабыз” дегени энергетикалык көз карандысыздык дегендин ачык далили болду көрүнөт.

Акылбек Жапаров “2022-жылы Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу иши башталат” деп билдирди 25-январдагы маалымат жыйынында. Курулуштун 1-этабына 486 миллион доллар керек болорун кошумчалады. Айта кетсек, Камбар-Ата 1 ГЭСин буга чейин орусиялык “Русгидро” компаниясы куруп баштап, кийин келишим жокко чыгарылган. Мындан улам Кыргызстандын моюнуна 37 миллион доллар карыз илинген.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо