КАЗАК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КАРМАП КЕТКЕН ЖИГИТ БОШОТУЛА ЭЛЕК

№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.

Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун энеси Чынара Тамаева 26-январда президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

– Уулум Караколдо педагогикалык колледжде 2-курста окуйт. Айылга кышкы каникулга келген. Ошол күнү тоого мал издеп кетип, кечинде келген жок. Тоо тараптан кыйкырып издеп таппай калдык. Түн ичинде биздин чек ара кызматындагылар "уулуңуз чек арадан өтүп кетип, Казакстандын чек арачылары кармап кетти" деп чалышты. Ошондо гана билдик. Андан бери 16 күн өттү, балам чыга элек. Баламды эртерээк бошотуп берүүңүздөрдү суранам,- деди Чынара Тамаева. Эске салсак, 10-январда Казак чек арачылары Ысык-Көл облусунун Түп районунун 1999-жылы туулган тургунун Каркыра жайлоосунан кармап кетишкен. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да айтылып, тийиштүү органдарга тапшырма берилери айтылган болчу.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо