ДЕПУТАТТАР 2 АПТАДАН БЕРИ БАЙСАЛОВГО ЧАРА КӨРДҮРТӨ АЛБАЙ УБАРА

№1001 11-17-февраль, 2022-ж.

Парламент депутаттары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүүнү 2 аптадан бери талап кылышууда. 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Байсаловду “тарбиялоону” талап кылды.

– Биз элдин өкүлү экенибизди Байсаловго түшүндүрүп коюшубуз керек экен. Депутаттарды мыскылдоого, кемсинтүүгө ага ким укук берди? Кудай сактасын, кокус өлкөдө бийлик алмашып кетчү болсо, ал Англияга качат, биз калабыз,- дейт депутат. Токторбаев Байсаловду циркке жетекчи кылуу керектигин, бирок ал цирктин директоруна кеңешчи болуп да иштей албасын кошумчалады.

Мурунку жумада да Жогорку Кеңеште көпчүлүк депутаттар Байсаловго чара көрүүнү талап кылышкан. Спикер Талант Мамытов депутаттарга карата айткан сөздөрү үчүн Байсаловдун жоругу иликтенерин эскерткен.

Айта кетсек, Эдил Байсалов парламенттин 7-чакырылышына такай сын айтып келе жатат. Январь айында “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде Байсалов “Жогорку Кеңеш мындан ары биз киргизген мыйзамдарды бекитип берчү гана жер болот. Депутаттар бизге акыл үйрөтүп, эл аралык саясатты аныктагыч болбой, арыдан-бери болгону туура” деп билдирген.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо