АВТОУНААЛАРДЫН АЙНЕГИН КАРАҢГЫЛАТЫП ЖҮРҮҮ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛАТ

№1001 11-17-февраль, 2022-ж.

Өлкөдө автоунаалардын алдынкы айнегин караңгылатып жүрүүнү мыйзамдаштыруу сунушу Жогорку Кеңеште талкууланып жатат. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин маалыматына таянсак, унаа айнегин караңгылатуунун баасы 30 же 50 миң сомду түзөт. Уруксатсыз караңгылатууга мындан эки эсе көп айып салынары күтүлүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жылына 20 миңдей автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилиши мүмкүн экени да айтылды. Коомдук унааларга, такси кызматындагы унааларга бул норма иштебейт. Буга чейин ИИМ бул демилгеге “кылмыштуулук күчөп кетет” деп каршы болуп келгени белгилүү. Бул ирет демилгени колдоп чыкты.

– Мурда көчөлөрдө видеобайкоо системи жок болчу, ошон үчүн каршы болчубуз. Азыр дээрлик бардык жерде видеокамера бар, өлкө боюнча “Коопсуз шаар” иштегени жатат. Унаа айнегин караңгылатуу бүгүнкү күндө кылмыштуулук менен күрөшүүгө таасир этпейт,- дешти министрликтин өкүлдөрү.

Учурда Кыргызстанда инкассатор автоунааларынын, УКМКнын 9-башкармалыгынын жана өлкө жетекчилигинин гана авто унааларынын алдынкы айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат бар.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо