ОШТО ТЕРРОРЧУЛАР КАРМАЛСА, БИШКЕКТЕ ЖАРДЫРУУ БОЛУП ӨТТҮ

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Көңүл чордонунда

Өлкөбүздүн көзгө басар эки шаарынын жашоочулары бул аптаны түйшөлүү менен өткөрүштү. Түштүктүн борборунда жүргүзүлгөн операция элди дүрбөлөңгө түшүрсө, ал эми түндүктүн борборундагы жардыруу боюнча кептердин аягы деле сууй элек.

ОШТОГУ ОПЕРАЦИЯ ЭМНЕНИ КАҢКУУЛАЙТ?
29-ноябрь күнү ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын айрым аймактарында теракт даярдап жаткан топтун кармалганын билдирген. Маалыматтар боюнча, топ 9 кишиден туруп, арасында кыргыз, өзбек жана орус улутундагылар болгон. Кармоо учурунда алардан жардыргыч заттар жана тапанча алынган. “Бул топтун эл аралык террордук уюмдар менен байланышы жок. Мен өзүм алар менен сүйлөшүп чыктым”,- деген эле министр.
Жогорудагы маалыматты журналисттер дурустап айтууга жана жазууга жетише электе, Ош шаарында 29-ноябрь күнү атайын кызмат менен белгисиз адамдар ортосунда атышуу болуп кетти. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кезектеги операция учурунда куралдуу каршылыкка туш келишкен. Анын жыйынтыгында үч террорчу өлтүрүлсө, бирөө өзүн граната менен жардырып жиберген. Расмий маалыматтар боюнча, алар Түркмөнстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү болгон. Айтмакчы, граната жардырылган үй мечиттин имамы Фархат Нурматовго таандык болуп чыкты. Ошондой эле операция учурунда үч “альфачы” жана УКМКнын бир кызматкери жаракат алды.
Октун үнүнөн чочуп калган Ош шаарынын тургундары бул күнү дүрбөлөңгө түшүп, “өзбек-кыргыз согушу башталыптыр” деген ушак сөз заматта таркап кетти. Дүрбөлөңдү токтотуу бийликтин, күч органдарынын бир топ убактысын алды.

БИР КҮН ӨТПӨЙ БИШКЕКТЕ ЖАРДЫРУУ
Ош шаарындагы операциянын ызы-чуусу аяктабай жатып, анын эртеси Бишкек шаарында апрель соту өтүп жаткан Спорт Ордосунун жанында жардыруу болду. Кудай сактап, буга чейин саат 9да башталып келген сот иши ошол күнү 1 саатка артка жылдырылган эле. Спорт Ордосунун жардыруу болгон түндүк тарабынан соттолуучулар жана адвокаттар кирип жүрүшчү. Сот иши мурункудай эле саат 9да башталса, жабырлануучулар көп болмок.
Расмий маалыматтар боюнча, жардыруу уюлдук телефондун жардамы менен ишке ашкан. Анын күчүнөн люктун жапкычы 300 метр алыска учуп кеткен. Бул окуянын жыйынтыгында милициянын 2 кызматкери, “Тез жардамдын” 1 жана УКМКнын 1 кызматкери жаракат алды.
Мындай кооптуу окуялар Кыргызстанга АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон келерде биринин артынан бири болуп жатканы шектендирбей койбойт. Бул окуялардын кошуна Казакстанда ЕККУнун чоң жыйыны өтүп жаткан маалга туш келгени да шектүү. Күч структураларынын өкүлдөрү кылмышкерлерди бир туруп “террорчу” аташса, бир туруп “бакиевчилер” дегени да толгон-токой суроолорду жаратат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
03.12.2010. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда качан тынчтык орнойт экен,элибиз аман болсун .
03.12.2010. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alakanday kyrgyz elibizde yntymak,tynchtyk bolso eken,ushundai jardyruu boldu dep ukkanda janym keyip ketti.Kudaiym elibizdi kyrsyktan saktasyn!
03.12.2010. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда тынчтык болсун мамлекеттуулугубузду жоготуп албасак болгону!!!
04.12.2010. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстаным кыргыз элим аман бол,ток бол,сабырдуу бол!Деги тынч бол........
04.12.2010. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn dilibizden kudaidan tynchylykty tilep oturaly kyrygyz elim!Ishenim jana jakshi tilekterdin kanaty bar,alar materialduu,alar sozsuz bir kunu orundalat!Bul jerde geosayasiy sayasat bolup jatkanin bilebiz da!Uluu derjavalardyn oyunu,kizikchiliktary bizge okwogon maida kalktardy jok kilip butushot,korunot!Kantse da jaratylywtyn kuraldary m-n jashap tenirge iwengenbiz!
05.12.2010. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтык гана болсунчу!!!
07.12.2010. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстаныбыз тынч болсун дейбыи, да кудайм баарыбызга инсап берсин, жардырса же атышыб кетсе биз тераристер дейбиз, а чындыгында бизде тераристер жок деле болсо керек , ал жерди жардырды бул жерди жардырды мынча орган жарадар болду дешет , а чындыгында мыйзамда отургандардын оздору болсо керек........ жана чындыкты айтыб чыксан олтуруб атса,айтбайн десен конулун чыдабаса............. орустар бекерден айткан емес политика грязная дела деп
07.12.2010. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтайн десе ото еле коп,бул жашообуз азыркы убакта шахмат оюнундай болуб калган..........
10.12.2010. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш милициялар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо