БИР БҮРКҮМ. ПОЕЗДДЕ ЖОЛ КИРЕ 1 СОМГО ӨСТҮ...

№1002 18-24-Февраль, 2022-ж.

  • Парламент депутаты Тазабек Икрамов мектептерге комуз сабагын киргизүүнү сунуштап чыкты.
  • Кыргызстандан Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчү ташууну калыбына келтирүүгө Казакстан макул болгону, эми Орусиядан уруксат алуу керектиги маалымдалды.
  • Социалдык фонд: Кыргызстанда пенсиянын эң көбү – 179 миң сом, эң азы – 1500 сом.
  • Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 23-28-май күндөрү өтөрү расмий маалымдалды.
  • Өзбекстандын Андижан облусунда ооруканада жарылуу болуп, 1 Кыргыз жараны каза тапты.
  • 15-февралда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 33 жыл толду.
  • Айбек Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Кыргыз жеринде поезд каттамынын жол акысы
    1 сомго өстү.
  • Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева аталган уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерришке ишеним грамотасын тапшырды.
  • Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жаранын атып кетишти.
  • Президент Садыр Жапаров Бишкек – Кара-Балта унаа жолун жаңылоону 2022-жылы толук бүтүрүү тапшырмасын берди.
  • Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип кармалды.
  • Башкы прокуратура: Бишкектин “Тазалык” ишканасы мамлекетке 15 миллион сом зыян келтиргени аныкталды.
  • Учурда Кыргыз жериндеги ЖОЖдордо 83 миңдей чет өлкөлүк студент билим алып жатканы айтылды.
  • Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды.
  • 2021-жылы Кыргызстанда бак-даракты мыйзамсыз кыюу боюнча 201 факт катталганы маалымдалды.
  • Депутаттар жазгы талаа иштери учурунда күйүүчү майдын баасын кымбаттатпоо керектигин билдиришти.
  • 2022-жылы айыл чарбасына 26 миллиард сом 6 пайыздык чек менен насыя катары берилери расмий маалымдалды.
  • Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү, жабыркагандар жок.
  • Ушул жылы Ош шаарына 35 миңден ашык дарак көчөтүн отургузуу пландалууда.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо