4 АДАМДЫ КАР КӨЧКҮ БАСТЫ. ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ КООПТУУБУ?

№1002 18-24-Февраль, 2022-ж.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна кар көчкү түшүп, 4 адамды басып калды. Көчкү 14-февраль күнү трассанын Көк-Арт ашуусунун аймагында, туннелдин эки тарабына түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянсак, жалпы 8 жерден көчкү жүргөн. 16-февралда парламент депутаттары “трассаны курууда кар көчкү түшүү коркунучу эске алынган эмеспи?” деп маселе көтөрүштү. Буга ӨКМнын өкүлү “биздин министрлик ошол көчкү түшкөн жерлерге атайын галереяларды курууну сунуштаган. Долбоорго кирген же кирбегенин билбейм” деп жооп узатты.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу Кытайдан карызга алынган акчага курулуп жатат. Долбоордун баасы
1 миллиард доллардан ашык. Долбоор талкууланып жатканда альтернативдүү жол учурдагы Бишкек-Ош трассасындай катаал шартта болбой турганы, ары-бери каттоо жеңил болору айтылган эле. Бир күндө 8 жерден кар көчкү түшкөнү суроо жаратат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо