АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИН ЖЕТЕКТЕЙТ

№1002 18-24-Февраль, 2022-ж.

Алмазбек Бейшеналиев 14-февралда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 16-февралда аны министр кылып дайындоо сунушу Жогорку Кеңеште каралып, 76 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты.

Алмазбек Бейшеналиев аталган министрликти экинчи жолу башкарганы жатат. Ал 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеп, былтыр май айында Кыргыздын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган эле. Министрликтен кетип кайра келүүсү президент Садыр Жапаровдун чечими экенин билдирди Бейшеналиев парламентте суроолорго жооп берип жатып. 40 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагында 2008-жылдан бери иштейт. Бир топ эл аралык университетте окутуучу, проректор болуп иштеген. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк бир нече университеттин профессору. 2017-2018-жылдары өкмөттүк аппараттын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеген. Жогоруда айтылгандай, министрлик тажрыйбасы да бар. Коомчулук анын министр болуп дайындалышын кубаттап, андан мыкты реформаларды күтүп жатат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо