КОЛДУН ТЕРИСИ ЭРТЕ КАРЫБАСЫН ДЕСЕҢИЗ...

№1003 25-февраль-3-март, 2022-ж.

Бет терисиндей эле колубуздун териси дагы ар бир күнү кам көрүүгө муктаж. Колго кам көрүү боюнча косметолог Айчүрөк Жороевадан чакан кеңеш.

ҮЙ ШАРТЫНДА КАМ КӨРҮҮ

1. Үйдө ар кандай химиялык каражаттарды колдонууда колуңузду этияттаңыз, сөзсүз кол кап кийүү абзел.

2. Ар бир күнү азыктандыруучу, нымдаштыруучу кремдерди сүйкөп туруу шарт.

3. Аптасына бир жолу үзгүлтүксүз скраб жасаңыз жана атайын маскаларды колдонуңуз.

4. Жайында колуңуздун терисин күндөн сактаңыз – SPF фактору бар крем сүйкөңүз.

5. Кышкысын сөзсүз сууктан коргоочу кремди эшикке чыгардан 20 мүнөт мурун сүйкөп, көчөдө кол кап кийүү керек.

КОСМЕТОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Пилинг. Кургак болуп кол терисинин жарыла берүүсү – көпчүлүк адамдардын көйгөйү. Андан тышкары теринин түсү дагы өзгөрүп, майда тактар пайда болот. Бул ар кандай зыяндуу нерселерден теринин жабыркашынын белгиси. Мындай учурда жардамга келчү косметологиялык процедура – пилинг. Бул процедура учурунда өлүк клеткалар тазаланып, коллагендин иштелип чыгышы көбөйүп, колдун терисинин көрүнүшү жакшырат. Ал эми Е витамини жана жожоба майы кошулган пилингдерди колдонсоңуз колуңуздун терисинин жаш көрүнүшүн камсыздайт.

Парафин терапиясы. Бул 40 градуска чейин ысытылган парафин менен жүргүзүлөт. Бул процедуранын таасири дароо байкалат. Тери назик болуп нымдашып калат жана парафин байламталарды бекемдөөгө дагы таасирин тийгизет. Парафин терапиясы – теринин терең катмарларына таасир этүүнүн жана азыктандыруунун эң сонун жолу.

Укалоо. Колго, ар бир манжага укалоо жасоо дагы терини жакшыртат. Бул ыкма кан айланууну жакшыртып, адамдын жалпы психикалык абалын калыптандырат. Ошондой эле бүт денени эс алдырууга таасир этет. Мындан тышкары косметологияда терини жакшыртуучу мезотерапия, плазмотерапия, биоревитализация деген процедуралар бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо