БИР БҮРКҮМ. КӨЧКҮ БАСКАНДАР ТАБЫЛА ЭЛЕК...

№1003 25-февраль-3-март, 2022-ж.

  • Бишкектин вице-мэри Азат Узаков коррупциялык иштерге шектелип кармалып, 2 айга камакка алынды.
  • Билим берүү министрлиги: Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү каражатты көбөйтүү пландалууда.
  • Жалал-Абадда ПЦР-анализдин жыйынтыгын жасалмалап жүргөн лаборатория аныкталганы маалымдалды.
  • Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден башка өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды.
  • Көк-Арт ашуусунда өткөн жумада кар көчкү басып калган жарандар табыла элек.
  • Бишкектин мэри: “Окуучуларга жол кирени арзандатуу сунушун Бишкек шаардык кеңешине 1-2 айда киргизебиз”.
  • Той-аштардагы ысырапкорчулукту жоюуга багытталган мыйзам долбоору боюнча 28-февралда парламенттик угуу өтөрү маалымдалды.
  • Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда иш сапары менен Нур-Султан шаарына кетти.
  • Белгилүү журналист Абдывахаб Мониев каза болду.
  • Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев отставкага кетти.
  • Депутат Нуржигит Кадырбеков жаз айларында Кыргызстанда бак отургузуу ишин активдүү жүргүзүүнү сунуштады.
  • Министрлер кабинети: Пандемияга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө.
  • 2021-жылы 577 этникалык кыргыз “кайрылман” статусун алган.
  • Парламенттеги “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ынтымак” фракциялары акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү.
  • 2021-жылы өлкөдө 10151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы маалымдалды.
  • Кыргыздын Германиядагы элчиси болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди тарапташтары, депутаттар жана коомчулук аталган өлкөгө салтанаттуу түрдө узатышты.
  • Мугалимдерди мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору сунушталды.
  • Бишкекте ишкерди "Ош базардагы" ордуңду бер" деп коркутуп, сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 21-февралда УКМК тарабынан кармалды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо