ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ АЛТЫН САТЫП АЛУУНУ СУНУШТАДЫ

№1004 4-10-март, 2022-ж.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда азык-түлүктүн баасынын кымбатташы боюнча кайрылуу жасады. Өлкө жетекчиси элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

– Эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Күйүүчү майдын кымбатташынан улам өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ун, дан азыктары өтө кымбаттады. Жакын арада улуттук валютабыз катуу басымга учурашы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Министрлер кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан. Азыр башкы максат – элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн баарын жасап жатабыз,- деди президент.

Садыр Жапаров элди алтын сатып алууга үндөдү:

– Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат, алтындын гана баасы өсөт. Акчасы бар жарандар, Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан 13 килограммга чейин алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот. Капиталыңыздарды кагаз акча менен эмес, алтын менен сактаңыздар. Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк базар баасы менен сатып алат,- деп билдирди мамлекет башчы.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо