ДЕПУТАТТАР МАДУМАРОВДУН АКЫЛЫНА НААРАЗЫ

№1004 4-10-март, 2022-ж.

Парламент депутаттары Адахан Мадумаров бизге акыл үйрөтпөсүн” деп нааразы. 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев атайын билдирүү жасады.

– Өткөндө улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам каралып жатканда Мадумаров “досуңардын мыйзам долбоорун өткөрүп жатасыңар” деп сын айтты. Бул киши бизге мугалим болуп, акыл-насаат айтканын такыр токтотподу. Өзү тууралуу абдан бийик ойдо. Ал биздин катарыбызда отурган бир депутат,- деген Токторбаев Мадумаровдун образын “кой терисин жамынган карышкырга” салыштырды.

Аталган депутат Мадумаровдун кеңеш беришине биринчи жолу теригип жаткан жок. Буга чейин да парламентте “бизге сиздин акылыңыздын кереги жок” деп чыккан. Мадумаровго “кесиптештериңизди өзүңүзгө тең көрүңүз” деген сынды депутат Балбак Түлөбаев жана башка депутаттар да бир нече жолу айтышканы белгилүү.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңеште улуттук коопсуздук тууралуу 2018-жылы даярдалган мыйзам долбоору каралган. Анда Мадумаров “өлкөдө Конституция алмашты, мыйзам долбоорун ага тууралаш керек” деп долбоорду кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштаган эле.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо