Садыр Жапаров: “ДҮЙНӨДӨ ӨНҮГҮҮ ПРОЦЕССТЕРИ ТЕЗ ЖҮРҮҮДӨ”

№1005 11-17-март, 2022-ж.

Президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте айрым министрлердин ант берүү аземине катышып, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы экономикалык кризис курчуган азыркы шартта Кыргызстанга ынтымак зарыл экенин белгилеп өттү.

– Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери абдан тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этүүдө. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп бара жатат. Биз кичинекей өлкөбүз, согушту токтотуп койгонго таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек. Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз. Дал ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо