«ТОГОЛОНБОЙ, ЧАЛЫНБАЙ, 95 ЖАШКА ЖЕТСЕ ЭКЕН...»

№1006 17-24-март, 2022-ж.

Өткөн күнү – 16-март

Өткөн жери – Кыргыз улуттук филармониясы

Билет баасы – 500 сом

Башталышы – 18:30 (жарым саатка кечигип башталды)

Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы

“Эл тараза, эл сынчы” дейт элимде, ошо элдин арасында Толик деген "шустрый" киши да айтыш көрөт. Бир айтышта күлүп жыргаса, айрым айтыштарда уктап калат. Кыскасы, 16-мартта Ашыраалы Айталиевдин – кадимки Ашыкемдин 95 жылдыгына карата айтыш болот дегенинен бардым. Эмесе, көргөн-билгенимди божурап берейин, туугандар. Алып баруучудан баштагым келип турат, айтыштардын алмашкыс алып баруучусу Мирлан Самыйкожо “чоңоюп” Жогорку Кеңешке кетпеди беле, анын ордун манасчы Азиз Биймырза уулу ээлептир. Азиз иним тыкылдайт тим эле, керектүү жерден уйкаштыра сүйлөгөндү билет экен жигит, калыстар менен акындарды тааныштырганда кагазды карабай айтты. Бали!

Ал эми айтышкерлердин кубанычында чек жок, баары “Манас” театрынын ачылганына баладай сүйүнүштү. Сүйүнбөй анан, эми манасчы, дастанчы, төкмө акындар ар кайсы имаратты сүзгүлөбөй, айлык алып мамлекет үчүн иштей турган болушту.

Айтышты Жеңишбек Жумакадыр менен Азамат Болгонбаев ачып берди. Тандоо турунан 12 акын өтүп келди, алар – Асылбек Маратов, Мундузбек Усупбек уулу, Баян Акматов, Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Мундузбек Борончиев, Акматбек Султан уулу, Мамбеттокто Мамбет Орозо уулу, Мамбеттокто Мамбет Өмүр уулу, Абдували Акимбеков, Турат Жумаев, Максат Кулуев. Төкмөлөрдүн жарымы даярданбаган деле окшойт, жүдаа зеригиштүү айтышты. Бу жолу акындардын аксакалы, саркашка акын Амантай Кутманалиевге тонналап мактоо арнагым келип турат, акын деген кандай болуш керектигин көрсөттү, жарыктык. Ашыкемдин обонуна салып, аны туурап төктү. Атаандашы Абдували Акимбековго аша чаап кетпей, татыктуу жооп узатып жатты. Негизги темага да кирип, салмактуу ойлорун айтып, мага окшоп үргүлөп бараткандардын көзүн чекчейтип, күлкүгө бөлөп, айтор, саркашка акын табында экен. Анан, өзү айткандай, шоу жаратып да жиберди. Убакыт бүттү окшойт деп туруп баратып, атаандашынын ырын угуп кайрадан ордуна отурайын деди эле, отургучу менен кошо тоголонуп кетсе болобу. Төкмөлөргө табылбай эле турган, чап кенедей жабышты да, калышты. “Тоголонбой, чалынбай, тоо булбулу Амантай, 95 жашка жетсе экен” деген каалоо айтты анан Мундузбек Борончиев. Оомийин! Андан да аша жашасын! Саркашканын атаандашы Абдували Акимбеков залда отургандардын бир аз кыжырына тийип алды, “учаны ала берип биздей аксакалды эмнеге унутуп каласың, Абдылда Нуралиевди эмнеге ээрчитип албайсың?” деп тойдо устуканга таарынган аксакалдай жорук көрсөттү. Башкаларды сүрөп отурган көрүүчүлөр, анын мындай кебине нааразы боло күбүрөнүп калышканын кулагым чалып жатты.

Айтышка эстетикалык рахат, жан дүйнөгө азык алайын деп келесиң да. Анан тема түгөнүп калгансып окшошсо-окшошпосо деле атаандашка обу жок асыла берген болмок беле, ботом. Мамбеттокто Мамбет Орозо уулу менен Турат Жумаевдин айтышында Жумаев Мамбет мырзанын салмагына тийишип туруп алды эле, алпаруучу иним түзүк, “темадан чыкпагыла” деп абалды оңдоп кетти. Калыстык үчүн айтыш керек, Мамбет иним да кыйла такшалып калыптыр. Дагы көп нерсе айтайын дегем, токтото турайын...

Байге фонду 1 миллион сом болду. Амантай Кутманалиев баш байге үчүн 200 миң сом алса, 1-орунду алган Акматбек Султан уулу 150 миң сом утту. 2-орунга татыган Баян Акматов 100 миң сомдуу болсо, 3-орун үчүн Мамбеттокто Мамбет Орозо уулу 50 миң сом утуп сүйүндү. А мен 15 сомду бекем мыкчып "маршруткага" түштүм да, үйгө жөнөдүм.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо