МУГАЛИМДИН КАГАЗ ИШИ АЗАЯТ: МИНИСТРЛИК БУЙРУК ЧЫГАРДЫ

№1006 17-24-март, 2022-ж.

Мектеп мугалимдери жүргүзүүгө милдеттүү болгон документтердин тизмеси жана формасы бекитилди. Тийиштүү буйрукка билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койду.

Мындан ары предметтик мугалимдер класстык журналды толтуруп, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектисин гана түзүшөт. Ал эми класс жетекчилери класстык журналды, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун гана толтурушат. Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл. Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек тажрыйбасы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектисин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспекти жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо