АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ: БИЙЛИК ЭЛДИ ДҮРБӨЛӨҢ ТҮШПӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

№1006 17-24-март, 2022-ж.

Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү. Бул тууралуу 15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды.

– Дүрбөлөң түшүү элди эмне кыларын акыркы 3 күн көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай, 1 килограммы 100 сомго чейин чыкты. Баанын кескин кымбаттаганына байланыштуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1 миллион килограмм кумшекерди сатыкка чыгарууга тапшырма берди. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майын сатыкка чыгардык. Бааларды негизсиз көтөрүү аракеттерине катуу чаралар көрүлөт. Чек аралар ачык. Жашоого эң зарыл болгон азыктар жок калат деген тынчсызданууга негиз жок,- деп белгилейт ӨКМ жетекчиси.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги аталган фонддон алынган кумшекерге жана өсүмдүк майына бааны бекитти. Ага ылайык, 1 литр май 124 сом, 1 килограмм кумшекер 65 сомдон сатылууга тийиш. Айта кетсек, акыркы жумада аталган азык-түлүккө баалар кескин кымбаттап, дүкөндөрдө ажиотаж жаралды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо