-

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
-
Дастан Бекешев, депутат: “Кыргызстандыктар Орусия бийлигин сындоодон алыс болгону туура”.
-
Бишкекте таксисттин автоунаасын айдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды.
-
Кыргызстанда лифт өндүрүүчү биринчи ишкана ачылганы кабарланды.
-
Жогорку Сот парламент депутаттыгына талапкер Абдурахман Муртазалиевди жарыштан четтеткен БШКнын чечимин күчүндө калтырды.
-
Асел Чынбаева Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды.
-
“Аэрофлот” авиакомпаниясы Москва-Бишкек аба каттамын жандандырды.
-
21-мартта Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Өзгөн районундагы көмүр шахтада 3 Кытай жараны каза болду, аларды көмүр аралаш таш басып калган.
-
УКМК: Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендерди үстүнөн коргоп жүргөн деп мурдагы милиция кызматкери кармалды.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда.
-
Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан улам ашуулар убактылуу жабылды.
-
Башкы прокурор: "Мамлекеттик органдардын ишкерлерге кысым көрсөтүүсү жоюла элек".
-
Кыргыз жеринде кумшекердин 2 айга жетерлик запасы бар экени маалымдалды.
-
Кыргызстан эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 64-орунга жайгашты.
-
Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолун куруу башталды. Бул жолду Жалал-Абадга чейин жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
-
23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара талап кылууга шектелген жарандык активист Мелис Аспековду
7 жылга эркинен ажыратты.
-
Баткенде аскер кызматкери Тажикстандын чек арачылары тарабынан сабалганы расмий маалымдалды.
-
Дүйнөдө коронавирустун "Дельтакрон" деген жаңы штаммы пайда болгону кабарланды.
-
Бишкектин мурдагы мэри Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды.
-
Баткенде бир жылдан бери мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалганы жарыяланды.