Садыр Жапаров: “ЭКОНОМИКАДАГЫ ООР АБАЛДЫ ЫНТЫМАКТА ЖЕҢЕБИЗ”

№1007 25-31-март, 2022-ж.

Президент Садыр Жапаров 24-мартта Март элдик революциясынын 17 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

– Кыргыз эли – эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк. 2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп. Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар. Далай чоң сыноолорду баштан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз,- деди президент.

Мындан 17 жыл мурун 24-мартта Кыргызстанда Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо