БИШКЕКТЕГИ №47 АБАК ЖАБЫЛДЫ

№1007 25-31-март, 2022-ж.

Бишкектеги №47 абак жабылганын 23-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

– Өкмөттүн жана ЖАКнын ведомстволук буйруктарына ылайык, 47-колонияны толугу менен демонтаждоо, андан кийин медициналык, турак жай жана башка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу чечим жумушчу жыйында кабыл алынып, 47-колонияны жоюу процессин, соттолгондорду башка мекемелерге бөлүштүрүү маселеси талкууланды. Тактап айтканда, жакын арада бардык соттолгондор кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык, башка мекемелерге которулушат,- дешти мекемеден.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушул абакта жаза мөөнөтүн өтөп келген. 23-мартта интернет желесине Атамбаевди жука кийимчен мажбурлап сотко алып келишти деген видео тарап, талкууга түштү. ЖАМК "Атамбаевди эч ким сүйрөп келип унаага салган эмес, процесске кандай кийим кийип барарын соттолуучу өзү чечет" деп комментарий берди.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо