1-АПРЕЛДЕ 309 МИҢ АДАМДЫН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

№1007 25-31-март, 2022-ж.

2022-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 309 миң адамдын айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу 24-мартта маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Айлыгы жогорулай тургандар: мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер.

– Президент алардын айлык акысын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүүгө шарт түзүү зарылдыгын айткан. Орточо алганда мугалимдердин айлыгы 80 пайызга өсөт. Эгер жаңы модель боюнча эсептесек, анда тажрыйбасы жок жаш мугалим 20-21 миң сомдон айлык алат. Бүгүн алардын айлыгы 4-7 миң сом,- деди министр.

Буга чейин укук коргоо органдарында иштегендердин жана энергетиктердин айлыгы да 1-апрелден тарта көтөрүлөрү айтылган. Бирок алардын айлыгын 1-августтан тартып жогорулай турганы маалымдалды. Айта кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда прокурорлордун айлыктары жогорулаган.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо