-

Социалдык фонд: 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны дагы 1800 сомго көбөйтүү пландалууда.
-
Суу ташкынынан улам Сузакта Кара-Дарыянын жээгиндеги 200 үйгө коркунуч жаралганы айтылды.
-
Нурлан Шакиев парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп шайланды.
-
Ош шаарында 1-апрелден тарта, Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат.
-
25-мартка карата өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору алкагында 2707 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди деп жарыяланды.
-
Таласта фермерлер сүттүн баасын жогорулатууну талап кылышууда.
-
Азиз Аалиев Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.
-
Ташкентте Кыргыздын жана Өзбекстандын акыйкатчылары жолугушуп, кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды.
-
Акылбек Жапаров 1 айдын ичинде өлкөдөгү бардык мал базарларга асфальт төшөө тапшырмасын берди.
-
Башкы прокуратура: Мамлекеттик казынага 39 миллион сомдук зыян келтирген деп “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери кармалышты.
-
Быйыл Орозо айы 2-апрелде башталары белгилүү болду.
-
Улукбек Кармышаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору болуп дайындалды.
-
Жалал-Абадда жарандын уюлдук телефонун алдап алып кетүүгө шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
-
Шакир Маматов Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.
-
31-марттан 2-апрелге чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
-
31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус менен 150 адам ооруп жатат, анын 37синин абалы оор.
-
"Манас" аэропортунан эжесинин паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган кыз кармалганы айтылды.
-
Даурбек Сакыев ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы болуп дайындалды.
-
ЖАМК: Алмазбек Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан кескин баш тартты.
-
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда туруктуу аба каттамын ачуу пландалып жатканы айтылды.
-
31-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 846 миллион метр куб суу бар.