УЛУТТУК БАНК ПАЙДАСЫНЫН 90 ПАЙЫЗЫН МАМЛЕКЕТКЕ БЕРЕТ

№1008 1-7-апрель, 2022-ж.

29-марттагы Жогорку Кеңеште “Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Каржы министринин орун басары Илияз Иманбетов мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү акчанын өлчөмүн 2021-2022-жылдарга 70 пайыздан 90 пайызга чейин көбөйтүү жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

Депутаттар Улуттук банк кирешелерин кайсы булактардан алып жатканын сурашты эле, аталган банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ички жана тышкы каражат жүгүртүүлөрдөн киреше түшөрүн айтып, 2021-жылы банк 9,2 миллиард сом пайда тапканын белгиледи. Мунун 10 пайызы гана банктын өзүнө калтырылса, 920 миллион сом болот.

– Бул суммма резервге которулуп, чыгашаларга жумшалат. Учурда Улуттук банктын резервинде 8 миллиард сом бар,- деди Бөкөнтаев.

Буга чейин Улуттук банк кирешесинин 70 пайызын республикалык казынага которуп келген. Бөкөнтаев 70 жана 30 пайыздык бөлүштүрүү оптималдуу болгонун, бирок республикалык бюджетти толтурууга багытталган жаңы эрежеге ылайык иш алып барууга Улуттук банк даяр экенин билдирди.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо