БИР БҮРКҮМ. 7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА 12 ЖЫЛ...

№1009 8-14-апрель, 2022-ж.

  • Бишкекте 2021-жылы оң рулдуу унаалардын айынан 15 адам каза болгону маалымдалды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: “Эми мамлекеттик бала бакча, мектеп жана колледж жетекчилери сынак аркылуу тандалат”.
  • Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2 кызматкери баңгизат менен кармалды.
  • Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта балдарга берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдун суммасын көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
  • Нурил Алымбаев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды.
  • Башкы прокуратура: Баткен мэриясы 5 гектардан ашык жер тилкесин жеке тараптарга мыйзамсыз берип жибергени аныкталды.
  • Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн 4 акча алмаштыруучу жайга Улуттук банк 55 миң сомдон айып салды.
  • Лейлектин Чурбек айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилди.
  • ИИМ: Каржы пирамидасы адамдарды алдоо аркылуу өнүгүүдө.
  • 7-Апрель окуясына быйыл 12 жыл болду, президент Садыр Жапаров "Ата бейитке" барып маркумдарды эскерди.
  • Бишкектин четиндеги Биримдик-Кут конушунун тургуну 2 жашар небересин автоунаасы менен сүзүп кетип, бала ооруканада каза болду.
  • Кыргызстанда 4, 5, 6, 7-апрель күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
  • Март айында Орусиядан Кыргызстанга 15 адамдын сөөгү жеткирилгени маалымдалды.
  • “Алдамчылык” беренеси боюнча “Ихсан” кооперативине кылмыш иши ачылганы белгилүү болду.
  • Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, ишке киришти.
  • Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2021-жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты.
  • Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети 15 миллиард 22 миллион 500 миң сом болуп бекитилди.
  • Евросоюз Кыргызстандын билим берүү системин колдоого 32 миллион евро суммасында грант берет.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо