ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК: АЯЛДАР ЖАНА БАЛДАР МАСЕЛЕСИ СПИКЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

№1009 8-14-апрель, 2022-ж.

Парламент төрагасы Талант Мамытовдун жетекчилиги астында Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңдик боюнча кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Жыйынга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Спикер аялдардын жана балдардын укугун коргоодо, гендердик теңдикти камсыздоодо аталган кеңештин орду зор экенин айтат. Ал парламентте жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын 30 пайызга жеткирүү демилгеси колдоого ээ болгонун баса белгиледи. Катышуучулар тарабынан ишкер жана лидер аялдарды колдоо, бул маселеге парламенттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Борбордук Азиядагы көпчүлүк өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да гендердик теңдик маселеси актуалдуу бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 миллионду түздү, бул – өлкөдөгү жалпы жарандардын 50,4 пайызы. Учурда аялдар көбүнчө саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан тейлөө жана соода тармагында иштейт. Учурда эркектерге караганда аялдар көп иштеген 3 министрлик белгилүү. Социалдык өнүгүү министрлиги (аялдар 72 пайыз), Саламаттыкты сактоо министрлиги (аялдар 66 пайыз) жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (аялдар 62 пайыз).

Жогорку Кеңештин 7 чакырылышында 19 аял-депутат бар, бул жалпы депутаттардын 17 пайызын түзөт.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо