ӨЛКӨДӨГҮ 5 ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ СТАТУС БЕРИЛЕТ

№1009 8-14-апрель, 2022-ж.

Республикадагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилерин Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Аталган министрликтин жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев 4-апрелде ЖОЖ ректорлору менен кеңешме өткөрүп, анда жогорку окуу жайлары 5 жылдын ичинде Европа жана Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун рейтингинде алдынкы орундарды ээлеши керек деди. Бул үчүн 5 университетке өзгөчө статус: экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик, стандарттарды жана абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү эркиндиги берилерин айтты министр. Ошондой эле ал ЖОЖдор филиалдарды жөнөкөйлөтүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системин өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Өзгөчө статус кайсы университеттерге берилери айтылган жок.

Министр өлкөдөгү жогорку окуу жайларды ирилештирүү пландалып жатканын да маалымдады. Мындан тышкары орто мектептерге балдарды кабыл алууга, мугалимдердин айлыгын эсептөөгө байланыштуу да өзгөрүүлөр бар. Эми балдар 1-класска 7 жаштан эмес, 6 жаштан кабыл алынып баштайт. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө системинен баш тартылды, эми айлыктар ставка боюнча төлөнөт. Жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт. Бул – айлык акынын көлөмү эми туруктуу болот дегенди билдирет. Башкача айтканда, окуу сааттарынын кыскарышы айлыкка таасир этпейт.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо