-

Казакстан 15-апрелден тарта унду жана дан эгиндерин экспорттоого
чектөө киргизери айтылды.
-
Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Ош облусунун мурунку жетекчиси Жарасул Абдураимов “Кыргыз алтын” ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
-
УКМКнын Чек ара кызматы: Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.
-
Парламентте Бакыт Төрөбаевдин ордуна Абдыбахаб Боронбаев депутат болуп бекитилди.
-
Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргыздын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды.
-
Парламент депутаттары Билим берүү жана илим министрлиги жасап жаткан реформалар боюнча маалымат угууну талап кылышты.
-
Орусияда мекендештерин тоногон деп 2 Кыргыз жараны кармалды.
-
Башкы прокуратура: “Кадастр” ишканасынын кызматкерлери муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз жеке жактарга каттаган деп айыпталууда.
-
Бишкек мэриясы жолбун иттерди атууга, көчөдө өлүп калган ит, мышык, канаттууларды жыйнап тазалоого 2022-жылы 4 миллион 260 миң сом жумшайт.
-
2021-жылы өлкөдө микрокредиттик уюмдар тарабынан 37 миллиард сом кредит берилгенин Улуттук статистика комитети билдирди.
-
2022-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкектин борборунда: «Ала-Тоо» аянтында, Ак үйдүн алдында, УКМКнын, Орусия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды.
-
Өлкөдө акыркы айларда дары-дармектер 20 пайызга чейин кымбаттаганы айтылды.
-
Кыргыз жеринде 2022-жылдын январь-март айларында 17 608 жаран пенсияга чыкты.
-
«Манас» аэропорту: «Красноярск-Бишкек» жаңы аба каттамы ачылат.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке менчик медициналык борборлордун лицензиялык талаптарга ылайык келер-келбесин текшере баштады.
-
9-Майга карата Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында парад болбойт, «Жеңиш» аянтында эскерүү митинги болору күтүлүүдө.