АВТОУНААЛАРГА МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ВИДЕОРЕГИСТРАТОР ТАГЫЛАТ

№1010 15-21-апрель, 2022-ж.

Өлкөдө бардык автоунааларга милдеттүү түрдө видеорегистратор орнотууну талап кылган мыйзам даярдалат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча ИИМге тапшырма берди.

Бул эрежени 2025-жылдан тарта иштетүү пландалып жатат. Видеорегистратор орнотуу айдоочулар арасындагы тартипти күчөтөт, коомдук коопсуздукту бекемдейт деп билдирет Министрлер кабинети. Мындай жабдуулар жол эрежесин бузууларды көбүрөөк каттоодо, жол кырсыктары боюнча талаш-тартыштарды чечүүдө маанилүү курал болуп калары айтылды.

Айдоочулар 2025-жылга чейин видеорегистратор сатып алууга акча арттыруу жолдорун таба алышат дейт Министрлер кабинети.

ИИМ Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын 20 пайыздан ашыгы оң рулдуу унаалардын айынан болот деп билдирип келет.

2021-жылы өлкөдө оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсүнөн 1624 жол кырсыгы катталган, бул жалпы жол кырсыктарынын 25,1 пайызын түзөт. Былтыр оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктарынан 176 адам каза болгон же жалпы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын 22 пайызы. Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда оң рулдуу унаалардын саны жалпы автоунаалардын 17 пайызын түзөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо