ТУРАК ЖАЙ КООПЕРАТИВДЕРИНИН ИШИ: 3 АЙДА 73 КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛДЫ

№1010 15-21-апрель, 2022-ж.

Кыргыз жеринде 3 айда турак жай кооперативдеринин иши боюнча 73 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 13-апрелде ИИМден билдиришти.

Козголгон кылмыш иштери боюнча 37 материал сотко жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткандардын саны – 139 киши. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы – 66 миллион 641 миң сом.

Бишкекте “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 миллион сомдук чыгым аныкталган. Кооперативдин жетекчиси камалган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча учурда бир кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашуун. 30 адам арыз менен кайрылган.

"S-Line" кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым – 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылды. Андан сырткары “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталып жатканын маалымдайт министрлик.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо