МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ “КАГАЗДАН ЭЛЕ 112 МИЛЛИОН СОМ ҮНӨМДӨЙБҮЗ” ДЕЙТ

№1011 22-28-апрель, 2022-ж.

Өлкөнүн мамлекеттик органдары кеңсе кагазын пайдаланууну азайтса казынадан 112 миллион сом үнөмдөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын аппараттык жыйынында айтты. Жапаров мамлекеттик органдардан кеңсе кагаздарын пайдаланууну 2 эсе кыскартууну талап кылды. Эми принтерден кагаздын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасы башталмакчы.

Жапаров кагазды үнөмдөө – экологияга да кам көрүү дейт. 1 тонна кагаз өндүрүүгө 17 дарак, 35 тонна суу, 4000 киловатт-саат электр энергиясы, 240 тонна отун жумшаларын белгиледи ал. Мындан тышкары кагаз жасоого көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитрат, метанол, бензол, диоксин жана башка заттар колдонулары да эскертилди.

Каржы министрлигине мамлекеттик органдарга кеңсе кагазын сатып алуу үчүн бөлүнчү акчаны азайтуу тапшырмасы берилди. Электрондук документ жүгүртүүгө тезирээк өтөлү деди Акылбек Жапаров.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо