ДЕПУТАТ “КАЗАКСТАНГА СУУНУ ЖААП САЛАЛЫ” ДЕДИ

№1012 29-апрель-5-май, 2022-ж.

25-апрелде парламенттин Бюджет жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Кыргыз-Казак чек арасынан Кыргыздын айдоочулары жүк ташуучу унаалары менен өтө албай кыйналып жатканын, буга жооп кылып Казакстанга суу берүүнү токтотууну сунуштап чыкты.

– Өзбекстандыкы, Тажикстандыкы кыйынчылыксыз өтүп жатат. Бул бир тууган Казакстандын бизге жасап жаткан кыянаттыгы. Биз дагы сугаттын кезеги келгенде сууга блокада жасайлы,- деди депутат.

Мындай билдирүү Казакстандын жетекчилеринин көңүлүн бурду. Коңшу өлкөнүн каржы министри Ерулан Жамаубаев Кыргыз-Казак чек арасында эч кандай маселе жок дейт.

– Бизде эч кандай дооматтар жок. Бир катар кытай товарлары Кыргызстан аркылуу казак чек арасына келет. Бул товарлар мыйзамдуу түрдө өтүшү керек, кыргыз тараптан кошумча нарк салыгы, импорттук төлөмдөр алынсын деп жатабыз,- деген министр чек арада жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү күн сайын болбогонун белгиледи.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо