ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА УКМК ТӨРАГАСЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СУРАК БЕРДИ

№1012 29-апрель-5-май, 2022-ж.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде, президент Садыр Жапаров 27-апрелде Башкы прокуратурада күбө катары сурак берди. Алар 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча суралганы айтылды.

– Июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде суракка чакырышкан, мен көрсөтмө бердим. Иликтөө иши кандай жүрүп жатканын билбейм, мага маалым болгон нерсени айтып бердим. Мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын корутундусунда негизги күнөө Убактылуу өкмөттө экени айтылган. Убактылуу өкмөт түштүктөгү таасирин сактап калуу үчүн жергиликтүү сепаратисттерди колдоп, алардын мүмкүнчүлүгүн колдонгусу келген. Анын натыйжасында ушундай кагылышуу келип чыккан,- деди Ташиев.

Убактылуу өкмөттү аракетсиздик беренеси менен дагы айыптоого болорун кошумчалап, сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун качып чыгып кеткени дагы шектүү экенин, ага ким жардам бергенин аныктоо зарылдыгын дагы билдирди УКМКнын төрагасы.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо