ДЕПУТАТ СУЛАЙМАНОВ ЖАРДАМЧЫСЫНА КЫЗМАТ СУРАП МИНИСТРГЕ КАЙРЫЛГАН

№1014 13-19-май, 2022-ж.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов өзүнүн жардамчысына кызмат сурап билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге кайрылганы ачыкка чыкты. Бул маалымат 10-майда парламенттин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында күтүүсүз жерден айтылды.

Жыйында аталган депутат министр Бейшеналиевди реформа жасай албай жатат деп сындап, аны кызматтан алуу керектигин айтты. Буга жооп кылган Алмазбек Бейшеналиев депутат Сулаймановдун мындай пикири жеке мамиледен улам экенин билдирди.

– Сиз мени жеке таарынычтан улам коомчулук алдында сындап жатасыз. Мен да ачык айтайын. Сиз менден жардамчыңызды (ред.: Айжан Үсөнканованы) Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Ал квалификациялык талаптарга ылайык келбейт, ал сиздин жеке жардамчыңыз. Мен аны лицейге директор кылып дайындай албайм,- деди министр.

Депутат Сулайманов жардамчысын кызматка сунуштаганын танган жок. Болгону “аны элдин пикирин эске алып сунуштагам. Башка кызыкчылык болгон эмес” деген жооп узатты.

55 жаштагы Кундузбек Сулайманов Токтогул шайлоо округунан депутат. Көпчүлүк эл өкүлүнүн жардамчысына кызмат издеген аракетин сындап, ал эми министрди депутаттын суранычы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн алкап жатат.

Айжан Үсөнканова “лицей директорлугуна талапкерлигим сунушталган учурда депутаттын жардамчысы эмес болчумун” деди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо