АЙТЫЛУУ ШИРШОВ КАРМАЛЫП, КАЙРА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

№1014 13-19-май, 2022-ж.

"Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов 10-майда коррупцияга шектелип кармалып, кайра үй камагына чыгарылды.

УКМКнын билдиришинче, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку Соттун жана президенттин иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан татаал коррупциялык схема аркылуу кымбат баалуу 56 батир, 27 коттедж менчик түзүмдөрдүн карамагына өткөрүлүп кеткен.

– Тергөөдө аталган мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен алуунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды,- дейт УКМК.

Ширшовдун УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенден көп өтпөй Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылганы көпчүлүктө бүдөмүк ой жаратты.

Алексей Ширшов Бакиевдин бийлиги тушунда Кыргыздын энергетика тармагында коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып келет. Ал схема “Ширшовдун схемасы” деген ат менен белгилүү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо