КАЗИНОЛОРДУН ИШИНЕ УРУКСАТ БЕРГЕН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ 1-ОКУУДА КОЛДОО ТАПТЫ

№1014 13-19-май, 2022-ж.

Жогорку Кеңеш 11-майда өлкөдө казинолордун ишине уруксат берүүчү мыйзам долбоорун 1-окууда талкуулап, жактырды.

Документке 55 депутат “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берди. Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Улан Сарбановдун айтымында, Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүгү жанданса бюджетке жыл сайын 2 миллиард сомго чейин киреше түшмөкчү. Тагыраагы, 2022-жылы салык түрүндө 1 миллиард 170 миллион сом, 2023-жылы 1 миллиард 600 миллион сом, 2024-жылы 2 миллиард 100 миллион сом түшөт деген жоромол бар. Демилгечилер казинолор ачылса, ал жерге чет элдик жарандар гана киргизилет, Кыргыз жарандарынын киришине тыюу салынат деп жатышат. Эгер Кыргыз жараны киргизилсе, казино ээсине 100 миң сом айып салынары айтылды.

Казино ээлерине салыктын жаңы түрү – оюн ишмердүүлүгүнө салык киргизилгени жатат. Мисалы, казинодогу 1 оюн столунан 2022-жылга 750 миң сом, 2023-жылга 1 миллион сом, 2024-жылга 1 миллион 250 миң сом төлөм алуу пландалып жатканы маалымдалды. Мындан тышкары оюн автоматтары жана букмекердик кеңселердин ишине да уруксат берилип, алардан да төлөмдөр алынмакчы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо