БИР БҮРКҮМ. ОКУУ ЖЫЛЫ 9-ИЮНДА АЯКТАЙТ...

№1015 20-26-май, 2022-ж.

  • Президент Садыр Жапаров 17-майда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти менен жолугушту.
  • Бишкек мэриясы: Бишкектин көчөлөрүнөн 70тен ашык жарнама такталары алынып салынды.
  • Бишкекте 38 жаштагы жаран уюлдук телефон уурдап жаткан учурда колго түшүрүлгөнү маалымдалды.
  • Салык кызматы: Өлкөдө 4 айда 14,4 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды.
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара алууга шектелип кармалганы маалымдалды.
  • ИИМ: Кыргызстанда Орто Азияга баңгизат саткан ири канал жок кылынды.
  • Кыргызстанда 18-майда эл аралык музей күнү бардык музейлерде салтанаттуу белгиленди.
  • 18-майда "Ош" эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түшүп, жамгыр суусу имаратты каптады.
  • Кыргыз жарандарын Европа жана АКШга мыйзамсыз миграцияга жөнөткөн деп шектелип 36 жаштагы аял кармалды.
  • Бишкекте 14 жашар өспүрүм бала 18-майда көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду.
  • Балбак Түлөбаев, депутат: "Педофилдерди асыш керек".
  • Бишкекте 2022-жылдын 1-июлунан тарта автобус жана троллейбустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынары айтылды.
  • Бишкекте быйыл 8233 окуучу 11-классты аяктайт.
  • Парламенттеги "Ата Журт" фракциясы Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө уруксат берүүнү караган мыйзам долбоорун 19-майда четке какты.
  • Учурда Кыргызстанда картошканын 1 пайыздайы гана кайра иштетилерин айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
  • Бишкекке жаңы кичи район куруу пландалууда, парламент депутаттары аны "Манас Сити" деп атоону сунуштап чыгышты.
  • Улуу Британияга 1000 Кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
  • Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева "БУУ-Аялдар" уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран баштаган коомдук уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, анда гендердик теңдик маселеси талкууланганы кабарланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо